Президент Жалал-Абаддагы Кыргызстан менен Россиянын "Достук" паркына барды

Sputnik
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы Кыргызстан менен Россиянын "Достук" паркына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлап, видеосун жарыялады.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы сейил бакты кыдырып, тургундар менен баарлашкан. Жапаров жергиликтүү бийликти жана жашоочуларды шаардагы тазалыкты, тартипти сактоого чакырып, калаага кам көрүү ар бир адамдын жоопкерчилигинен башталарын белгиледи.
Кечээтен бери мамлекет башчы эки күндүк жумушчу сапар менен Жалал-Абад облусунда жүрөт. Анын алкагында МИКтин 879 батиринин ачкычын тапшырып, бүгүн аэропорттун курулушунун капсуласын салары айтылган.
Россияда чет элдиктерге акысыз меджардам көрсөтүлө баштайт. Кайсы учурларда?