Ефрейтор Осмон Якубов
Ал Өзбекстандын Анжиян уездине (азыр Анжиян облусу) караштуу Найман айылында туулган. 1926-жылдан тарта Тогуз-Булак (азыр Кара-Суу району, Ош облусу) кыштагында жашап калат. Мектепте окуп, колхоздо эмгектенет, андан соң Отуз-Адыр каналынын курулушунда иштейт.
1941-жылы декабрда армияга чакырылат да, 1942-жылдын январында согушка кирет. 1944-жылдын жай айында гвардиянын ефрейтору Якубов 1-Прибалтика фронтунда 6-гвардиялык армиянын 67-аткычтар дивизиясынын 201-полкуна караган 1-батальондо пулеметчу болот.
Беларусту бошотууда каармандыгы менен айырмаланат. 1944-жылы 22-июнда Орехи (Витебск облусу, Беларусь ССРи) кыштагында согушка чалгын жүргүзүү иштеринде немецтердин траншеясына биринчилерден болуп кирип барган. Пулеметтун жааган огунан улам советтик аскерлер алдыга жыла албай калганда Якубов фашисттердин дзотуна жакындап, бири-бирине байланган гранаталарды амбразурага ыргытат. Октун атылышы тып басылат да, чабуул уланат. Ошол согушта кыргызстандык Якубов немецтер менен бетме-бет кармашып курман болот.
1944-жылы 22-июлда СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы кармашта согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн Осмон Якубовго курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылат.
Алгач сөөгү кармаш жүргөн жерге — Орехи айылына коюлат, кийинчерээк Шумилин районундагы Тропино айылындагы Боордоштор мүрзөсүнө көмүшкөн.
Өзбекстандагы Анжиян шаары менен аталган облустагы Ленинизм колхозуна Якубовдун бюсту орнотулат. 1976-жылы Тропино (Беларусь) айылына баатырдын элесин түбөлүккө калтыруу максатында мемориал коюлган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.