БИШКЕК, 13-май — Sputnik. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, 24 миң бала АКДС (адсорбцияланган көк жөтөл-дифтерия-сенек вакцинасы) эмдөөсүн алган эмес. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова Sputnik агентигинин маалымат борборундагы иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, быйыл эмделбеген жарандардын саны кыскарып, 19 760 киши болду.
Эмдөөдөн баш тартуунун негизги себептери:
иммунизациянын коопсуздугунан шектенүү — 8 180 учур (41 пайыз);
диний ишенимдер — 8 950 учур (45 пайыз);
эмдөөнүн пайдасы тууралуу маалыматтын жетишсиздиги — 832 учур (4 пайыз);
башка себептер — 1 798 учур (9 пайыз).
Саламаттык сактоо министрлиги белгилегендей, адатта жарандар кызамык, кызылча, дифтерия, көк жөтөл жана полиомиелитке каршы эмдөөнү өткөрүп жиберишет. Бул илдеттердин жайылышын эмдөө аркылуу алдын алса болору белгиленген.
Кыргызстанда 18-майга чейин Европанын эмдөө жумалыгы (ЕЭЖ) өтүүдө. Ал калкты жугуштуу ооруларды алдын алууда эмдөөнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө багытталган. Аталган өнөктүк өлкөдө 20 жылдан бери өтүп келет. Анын алкагында дарыгерлер эмдөөдөн өтпөй калган балдарды аныктап, жер-жерлерде ишти күчөтүп, чоңдор арасында түшүндүрүү иштерин жигердүү жүргүзүүдө.
Иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында, анын ичинде алыскы айылдарга чейин барып эмдөөлөр жасалат.
"Ар бир ата-эне эмдөө баланы оорулардан коргой турганына ишениши керек. Ал эми жумалык — өткөрүп жиберген эмдөөлөрдү алуу жана жамааттык иммунитетти бекемдөө мүмкүнчүлүгү. Ата-энелерди балдарын коргоп, жалпы улуттун саламаттыгына салым кошууга чакырабыз", — деди саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюумунун Кыргызстандагы кеңешчиси Аманда Шривайз алар стратегиялык пландоодон тартып эмдөө алууга чейинки ар бир этапта өлкөгө колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.
БУУнун балдар уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Самман Жунг Тапа фонд ар кандай коомдук пикирдин лидерлерин, андан сырткары, имамдарды да тартуу менен эмдөөнүн пайдасы тууралуу маалыматты жайылтууга көмөк көрсөтүп жатканын белгиледи.