Министрлер кабинети цементтин импортуна уруксат берди

Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Министрлер кабинети цементтин импортуна коюлган чектөөнү алып салды. Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев кол койду.
Маалыматка ылайык, чечим курулуш рыногундагы бааны турукташтыруу үчүн кабыл алынган.
Цементти тыштан ташып келүүгө 31-мартта жарым жылдык тыюу салынган болчу. Анда бийлик бул чара ички рынокту коргоо жана жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү максатында кабыл алынганын билдирген.
Импортко уруксат цемент тартыш болуп, бир кабы 380 сомдон 600 сомго чейин көтөрүлгөн учурда берилди.
2030-жылга чейинки электр энергиясынын тарифтик саясаты бекитилди