БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргызпатенттин базасында эки жаңы министрлик түзүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ага ылайык, түзүлүүчү мекемелер:
Агартуу министрлиги — мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функциялар жүктөлөт;
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги — илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү функциялар жүктөлөт;
президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссия Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия болуп кайра түзүлөт.
Былтыр декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу (ал кезде Шакиев) Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнөрүн айткан.