Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Европа кийлигишпеши керек. Фицо Россия — Украина сүйлөшүүсү тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Батыш мамлекеттеринин көбү Украинадагы жаңжалдын уланышына кызыкдар. Мындай пикирин Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо билдиргенин РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, Россия президенти Владимир Путин буга чейин Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган экөө Стамбулда Украина менен сүйлөшүү өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаша турганын айткан. РФ жетекчиси ошону менен бирге Киевге 15-май күнү Түркияда эч кандай шарты жок эле түз сүйлөшүүнү сунуштаган.
"Батыш өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгү үчүн бул согуштун уланышы өтө маанилүү болуп турат. Ошондон улам Россия менен Украинанын түз сүйлөшүүсүнө каршы чыгышууда. Германия менен Франция биринчи болуп үн катты. Алардын эки тараптын жолугушуусуна кандай тиешеси бар? Бул Москва менен Киевдин иши экенин эскертким келет", — деген Фицо.
Фицо Батыш 2022-жылы да тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тоскоол болуп, аны үзгүлтүккө учуратканын эске салды.
Буга чейин Путин Киев Россиянын Жеңиштин урматына атышууну токтотуу демилгесине эч кандай жооп кылбаганын белгилеп, ага карабастан Москва алдын ала шарты жок эле түз сүйлөшүүнү сунуштап жатканын айткан. Жолугушуу 15-майда Стамбулда өтөрү божомолдонуп жатат. Путин Украина менен сүйлөшүү учурунда чырдын түпкү себебин жок кылуу өтө маанилүү экенин, Россия узакка созула турган тынчтык орнотууга кызыкдар экенин билдирген. Президент жолугушууда ок атууну токтотуу боюнча чечим кабыл алып калынышы мүмкүн экенин да четке каккан жок. Путиндин айтымында, Москванын сунушу күчүндө, кеп кезеги Киев менен аталган режимдин кураторлорунда.
Франция президенти Эммануэль Макрон түз сүйлөшүүлөр тынчтык орнотууга өбөлгө боло албай турганын айтса, Германия канцлери Фридрих Мерц тараптар алгач 30 күнгө созулган элдешүүгө барышы керектигин, ансыз сүйлөшүүлөрдү баштоого болбой турганын билдирген.
"Соо калбайт": АКШда Украина менен НАТОнун келечеги боюнча бүтүм чыгарышты