Чүйдө офицердин жоокерлерди мазактаганы боюнча тергөө жүрүүдө. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Аскер прокуратурасынан Чүй облусундагы ӨКМдин №86123 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокерлердин кысымга тушугуп, зомбулукка кабылганы боюнча иш козголгонун билдиришти.
Видеого тартылган окуя бүгүн, 11-майда, элге тарады. Анда жүзү көрүнбөгөн эркек киши жоокерлерди башы менен жерди сүздүрүп, төрт аяктатып эки катар тургузуп, сөгүп-сагып, аралап басып баратканын көрүүгө болот. Муну офицер жасаганы айтылды.
Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин ("Уруп-сабап кыйноо") негизинде иш ачылган.

"Ишти иликтөө Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасына тапшырылып, анын жыйынтыгы менен күнөөлүүлөргө юридикалык баа берилет. Жагдайды толук жана ыкчам иликтөө үчүн зомбулукка кабылган жоокерлер аталган прокуратурага чакырылып, тергөө алардын катышуусу менен жасалууда", — деп айтылган маалыматта.

Ал арада Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратып, анда уставдык жана кызматтык тартип бузулган бул факт февраль айында болгонун айтышты. Аталган министрликтин жетекчиси Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен тийиштүү кызматтар ыкчам ички иликтөө иштерин жүргүзгөнүн билдиришти.
"Иликтөөнүн жыйынтыгында аталган аскердик бөлүктүн командалык курамы жана окуяга тиешеси бар аскер кызматкери кызматтык катуу жоопкерчиликке тартылган. Тартиптик териштирүүнүн жыйынтыгы менен жарандык жана кызматтык жоопкерчиликти бузгандар ээлеген кызматынан бошотулган", — деп айтылган ӨКМдин маалыматында.
Сөз болуп жаткан видео элге тарап кеткенден кийин министр Бообек Ажикеев, биринчи орун басары Мамбетов менен аталган бөлүккө барып, балдардын ата-энелери менен жолуккан.
№86123 бөлүк Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборуна караганы, Чүйдүн райондорунун биринин аймагында жайгашканы алардын сайтында жазылган.
Буга чейин да 2022-жылы ӨКМдин жоокери сабалып, иш козголуп, териштирүү жүргөн.
Улуттук гвардиянын жоокери токмоктолуп, Аскер прокуратурасы текшерүү баштады