БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызстандык балбан Валентина Шевченко UFC уюмунда жеңил салмактар арасында чемпион наамын сактап калды.
Аралаш мушташ боюнча UFC 315 турнири бүгүн Монреалдагы (Канада) "Белл-борбор" аренасында өттү. Негизги беттеште Шевченко франциялык атаандашы Манон Фиорону калыстардын бирдиктүү чечими менен жеңип алды. Мелдештин жыйынтыгында калыстар 48–47, 48–47, 48–47 деген упай беришкен.
Муну менен 37 жаштагы спортчу кыз 57 килограмм салмак категориясында чемпиондук курун сегизинчи ирет коргоду.