Күн кайнайт. Бир жумага карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргызгидромет 12-майдан 18-майга чейин өлкө ичинде аба ырайы кандай болору тууралуу божомолду таратты.
Келерки аптада Нарын менен Ысык-Көлдөн башка аймактарда жана Бишкекте 18-майга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 18-майда жамгыр жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 16-18-майда 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаары

Ордо калаада апта ичи ысык болору божомолдонду. Абанын темпетурасы түнкүсүн 12...14 градустун тегерегин көрсөтсө, күндүз 29...31 градуска чейин жетет. 15-майдан тарта 17-майга чейин күн кайнап, абанын температурасы 35...37 градуска чейин көтөрүлүшү ыктымал.

Чүй, Талас

Чүйдө абанын температурасы түнкүсүн болжол менен 10...15 градус болот. Күндүз жуманын башында 29...31 градуска чейин жетсе, аптанын экинчи жарымынан тарта 31...36 градуска чейин ысышы күтүлүүдө.
Таласта дагы күндүз жуманын биринчи жарымында 28...30 градуска чейин ысып, андан кийин 17-майга чейин 30...35 градуска чейин жогорулайт. 18-майда аптап бир аз кайтары айтылды. Түнкүсүн 11...13 градуска чейин жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Өлкөнүн түштүк аймактарында апта ичи мээ кайнаткан ысык болору күтүлүүдө. Үч облуста тең 18-майга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 15...17 градусту көрсөтөрү божомолдонду. Күндүз 12-13-майда 29...34 градуска чейин ысык болсо, 15-майдан баштап 35...37 градуска чейин жогорулашы ыктымал.

Ысык-Көл, Нарын

12-майда облустун көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы ыктымал. 15-майдан башка күндөрү күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Анткен менен күн суубайт. Абанын температурасы 8...13 градустун тегерегинде болсо, күндүз 23...28 градуска чейин жогорулай турганы айтылды.
Ал эми Нарында 12-майдан тарта айрым жерлеринде өткүн өтүп, жамгыр жаашы ыктымал. 15-майда күндүз, 16-17-18-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 6...8 градус, күндүз 23...25 градустун тегерегинде жылуу болмокчу.
Ысыктан кантип сактанабыз? Министрлик кыргызстандыктарга кеңеш берди
Теги: