11-майга карата аба ырайы

11-майга караган түнү жаан жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда нөшөрлөгөн катуу жамгыр жаашы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жекшембиде республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Талас өрөөнүндө +21...+26, Ысык-Көлдө +15...+20, Нарын жергесинде +16...+21 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында 11-майда ала-булут каптап турат, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Күндүн табы +27...+29 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта музей ачылды