Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Чүйдө Панфиловдун эстелиги жаңыланып, Таласта Түлөбердиевдин айкели орнотулду

Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгынын урматына Таласта СССР Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги орнотулуп, Чүй облусунда легендалуу генерал Иван Панфиловдун айкели реконструкциядан кийин ачылды.
1 / 2

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгынын урматына Таласта СССР Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги орнотулду

2 / 2

Түлөбердиевдин эстелиги Айтматов районундагы Чолпонбай айылында жайгашкан

Түлөбердиевдин эстелиги Айтматов районундагы Чолпонбай айылында жайгашкан. Sputnik ок себелеп жаткан дзотко көкүрөгүн тосуп, эрдик кылган кыргызстандык баатыр тууралуу тасма тарткан.
Ал эми генералдын аты ыйгарылган айылдагы Иван Панфиловдун эстелиги КРСУнун демилгеси менен жаңыланды.
1 / 2

Чүй облусунда легендалуу генерал Иван Панфиловдун айкели реконструкциядан кийин ачылды

2 / 2

Ал эми генералдын аты ыйгарылган айылдагы Иван Панфиловдун эстелиги КРСУнун демилгеси менен жаңыланды

1941-жылдын 12-июлунда Кыргызстан менен Казакстандын тургундарынан түзүлгөн 316-аткычтар дивизиясы негизделип, кийинчерээк 8-гвардиялык мотаткычтар дивизиясы болуп өзгөргөн. Аны Кыргыз ССРинин аскер комиссары Иван Панфилов жетектеп, дивизия Москваны коргоо операцияларында болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөткөн.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Бишкекте Жеңиштин 80 жылдыгына карата митинг-реквием өттү. Видео, сүрөт