Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Бишкекте Жеңиштин 80 жылдыгына карата митинг-реквием өттү. Видео, сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата митинг-реквием өттү.
Иш-чара калаа башчысы Айбек Жунушалиев менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин Өчпөс отко гүл коюшу менен башталган.
Шаардыктарды куттуктоо сөзүндө мэр советтик жоокерлердин жана тылдагы эмгекчилердин эрдиктери муундан-муунга даңктала турганын белгиледи.
1 / 3

Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата митинг-реквием өттү

2 / 3

Иш-чара калаа башчысы Айбек Жунушалиев менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин Өчпөс отко гүл коюшу менен башталган

3 / 3

Шаардыктарды куттуктоо сөзүндө мэр советтик жоокерлердин жана тылдагы эмгекчилердин эрдиктери муундан-муунга даңктала турганын белгиледи

"Эркиндик үчүн өмүрүн берген аталарыбыздын элеси унутулбасын. Жеңиш миллиондордун өмүрү менен келген. Жыл сайын баатырларыбыздын эрдигине таазим кылып келебиз. Учурдагы тынчтык күндөр — ошол учурда кыйылган кырчындай өмүрлөр", — деди Жунушалиев.
Иш-чаранын алкагында бир мүнөттүк аза күтүү жарыяланып, аскердик жөрөлгөлөр жасалып, аскер кызматкерлеринин салтанаттуу маршы болду.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Жапаров: аталарыбыз Европа жана Азия элдерине эркиндик, эгемендик тартуулаган