БИШКЕК, 7-май — Sputnik. СССРдин курмына кирген мамлекеттерде жашаган өспүрүмдөр чоң ата, чоң эне, ата-бабаларынын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктерин айтып беришти.
Улуу Жеңиш майрамынын алдында SputnikLive "Жеңиш эстафетасы" долбоорун улантып, жаштардын тарыхты баяндагандарын топтогон.
"Менин чоң атам Польшаны бошоткон", – деген сыймыктануу менен видеодогу өспүрүмдөрдүн бири.
Дагы бири "менин чоң атам партизан болгон" дейт.
Видеороликте кыргызстандык Юлия Новалишина Кыргызстандан чыккан баатыр Евдокия Пасько жөнүндө айтып берген.
Евдокия Пасько Ысык-Көлдө дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Согуш башталганда 22 жаштагы кыз фронтко жөнөгөн. Ошол мезгилде кыздардан куралган учкучтар полку түзүлгөн.
"Алар чакан самолет менен учушкан. Бирок фашисттер каарман кыздардан абдан коркуп, "түнкү жез тумшуктар" деп аташкан. Учкучтар согуш катуу жүрүп жаткан жерлерге тамак-аш жана ок жеткирип турушкан. Учкуч кыздардын көбү кармашта курман болушкан. Евдокия согуш жылдарында 800 жолу учуп, тирүү кайтып келген. Советтер Союзунун Баатыры наамын Кыргызстандык кыздардын ичинен ал жалгыз алган", — деп баяндаган Новалишина.
Видеонун соңунда Россиядан сүйлөгөн өспүрүм Москвадагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналган эстеликке гүл коюп, мекен үчүн күрөшкөн бабалардын урпактарынын байланышы үзүлбөй турганын белгилеген.