Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Чыныгы баатырлар. "Жеңиш 9/45" кыймылы өткөрүп жаткан иш-чаралар тизмектелди

Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Голливуддун жылдыздарына суктанчубуз, бирок Улуу Ата Мекендик согушка катышкан чыныгы баатырлар ар бирибиздин үйүбүздө бар. Бул тууралуу РФ Мамдумасынын вице-спикери, "Жеңиш 9/45" патриоттук кыймылынын уюштуруу комитетинин төрагасы Борис Чернышов "Россия сегодня" агенттигинде 9-Майга карата уюштурулган видеокөпүрөдө билдирди.
Анын айтымында, "Жеңиш 9/45" эл аралык патриоттук кыймылы Кыргызстан, Казакстан, Армения, Сербия, Германия, Түркия жана башка өлкөлөрдө Жеңиш күнүнө карата эскерүү иш-чараларын өткөрүүдө.
Тагыраагы, Кыргызстанда "Георгий тасмасы" (50 миңден ашуун адамга таратылды), Казакстанда 11 өлкөдөн келген сүрөтчүлөрдүн Жеңишке арналган чыгармаларынын көргөзмөсү, Сербияда автожарыш жана башка нерселер уюштурулууда.
Эске салсак, 9-майда "Ала-Тоо" аянтында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган дрон-шоу, Дима Билан катышкан майрамдык концерт болот.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Кыргызстанга Белгисиз жоокердин бейитинен Өчпөс оттун бир бөлүгү алып келинди