Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Кыргызстанга Белгисиз жоокердин бейитинен Өчпөс оттун бир бөлүгү алып келинди

Кыргызстанга Кремлдин дубалындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс оттун бир бөлүгү, “Эстелик оту” алып келинди. Эрдиктин жана унутулгус элестин символу Бишкекке, Ошко жана өлкөнүн башка шаарларына берилет.
Sputnik
Кыргызстанда “Эстелик оту” эл аралык акциясы башталды, анын алкагында республикага оту жанган чырактар алып келинди.
Аны салтанаттуу тапшыруу аземи 6-майда Бишкектеги “Баатырлар аллеясы” комплексинде жана Ош шаарындагы Өчпөс оттун алдында өттү.
Борбор шаарга отту россиялык космонавт-учкуч Дмитрий Петелин, ал эми Ошко Олимпиада чемпиону Елена Вяльбе жеткирип келди. Өчпөс оттун чырактары Жалал-Абад облусуна жана өлкөнүн башка аймактарына берилди.
Акция Жеңиш күнүнө карата Кыргызстанда төртүнчү ирет өткөрүлүүдө. Аны Россотрудничествонун колдоосу менен “Элдик фронт” коомдук кыймылы уюштурган.
Тема боюнча:
Кыргызстан Казакстандан "Жеңиш эстафетасы" символун кабыл алды. Видео