БИШКЕК, 6-май — Sputnik. АКШ Борбор Азиянын сейрек кездешкен металлдарына кызыгуусу күч, Украинада анын запасы өтө эле аз. Бул тууралуу РИА Новости National Interest басылмасына шилтеме берип жазды.
"Украина менен жаратылыш ресурстары боюнча макулдашууга кол коюу — бул биринчи эле кадам. Республиканын аймагында дүйнөдөгү пайдалуу кендин беш пайызы гана бар, ал эми АКШга зарыл болгон 50 элементтин 22си гана кездешет", — деп айтылат макалада.
Басылма ошондой эле сейрек кездешүүчү металл боюнча дүйнөдө Кытай монополист экенин эске салып, Вашингтон буга каршы турууга аракет кылып жатканын билдирген.
"Америка кен казуунун башка жолдорун карап чыгышы керек, анын бири Борбор Азия болушу мүмкүн. Ал жакта дүйнөлүк кен байлыктын басымдуу бөлүгү жатат. АКШ сейрек металлдарга жол ачам десе, Борбор Азия мамлекеттери менен алака түзгөнү оң", — деп белгилеген National Interest.
Макалада аталган регион Россия менен Кытайдын кызыкчылыгында экенин, АКШ маанилүү ресурстар үчүн бир топ күч жушашы керек болорун кошумчаланган.
Өткөн аптада АКШ менен Украина жаратылыш ресурстары боюнча макулдашууга кол койду. Анын алкагында Украинадагы жер ресурстарын казып алууга жана аны иштетүүгө инвестиция сала турган эки тараптуу фонд түзүлдү. Өлкөнүн вице-премьери Юлия Свириденконун айтымында, инвестициялык фонддун кирешеси он жылга чейин бөлүнбөйт. Келишимдин шарты боюнча, жаңы түзүлгөн фонд ресурстарды казуу жана аны иштетүүгө инвестиция жасайт, инвестиция Украинага гана жасалат, АКШ инвестициялык фондго акча салса болот, бул Украинага көрсөтүлүүчү жаңы жардамдардын алкагында да жасалышы мүмкүн.