БИШКЕК, 6-май — Sputnik. 9-майда "Ала-Тоо" аянтында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата дрон-шоу, россиялык белгилүү ырчы Дима Билан катышкан концерт болот. Бул тууралуу уюшуруучулар билдирди.
Ага ылайык, фестивалга Россиядан 70 реконструктор келип, Бишкектин борборунда Улуу Ата Мекендик согуштагы орус жана кыргыз элдеринин эрдигине арналган 15 интерактивдүү аянтча уюштурулат. Мындан тышкары, Бишкекке 8 ретротехника алып келинери белгиленди. Иш-чара минкаб жана мэрия менен биргеликте уюштурулмакчы.
"Дос, боордош өлкөлөрдө иш-чараларды жаркын маанайда өткөрүп жатканыбызга кубанычтамын. Он миңдеген адам өлкөнүн башкы аянтына чогулуп, чыныгы майрам болот", — деген Мамдуманын төрагасынын орун басары, "Жеңиш 9/45" патриоттук кыймылынын уюштуруу комитетинин төрагасы Борис Чернышов.
Ал "Жеңиш 9/45" кыймылын ар өлкөдө 100 миңден ашуун адам колдогондугун белгиледи.