БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Москва Исламабад менен Нью-Делинин ортодогу келишпестигин жөнгө салууга жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
"Тараптардын ортосундагы чыңалуунун күчөп баратышына өзгөчө көңүл бурулду. Россия тарап Исламабад менен Нью-Делинин элдешүү ойлору болсо 22-апрелдеги Пахалгам шаарынын аймагындагы терактынын натыйжасында жаралган кырдаалды саясий жактан жөнгө салууга көмөктөшүүгө даяр экендигин белгиледи", — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Сүйлөшүү Пакистан тараптын демилгеси менен болгону белгиленди.
Буга чейин Лавров Индиянын тышкы иштер министри Субрахманьям Жайшанкар менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда министр Нью-Дели менен Исламабаддын бийлигинин ортосундагы пикир келишпестикти 1972-жылдагы Симла келишиминин жана 1999-жылдагы Лахор декларациясынын жоболоруна ылайык эки тараптуу саясий жана дипломатиялык жол менен жөнгө салууга чакырган.
22-апрелде Жамму жана Кашмир аймагында теракт болуп, 26 адамдын өмүрү кыйылган. Бул окуядан кийин Индия менен Пакистандын мамилеси курчуган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Лашкар-е-Тайба"* террордук уюму менен байланышы бар "Каршылык көрсөтүү фронту" тобу алган.
Буга жооп иретинде Индия элчиликтин кызматкерлеринин санын кыскартууну, Инд дарыясын пайдалануу боюнча келишимди токтотууну, эки өлкө ортосундагы кургактагы чек арасын жабууну чечти. Ошондой эле өткөрмө пункт аркылуу кирген пакистандыктардан 1-майга чейин өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды.
Пакистан Нью-Дели Исламабаддын терактыга тиешеси бар экендиги тууралуу бир дагы далил келтирбегенин билдирген. Өлкө "ар тараптуу жооп берүүгө" даяр экенин жана Индиянын Инд дарыясынан суунун агымын буруу аракети согуш актысы катары кабыл алынып каларын айткан.
* Террордук уюм РФте тыюу салынган