Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Аскердик госпиталь үчүн бышырылган нан. Ооруктагы турмуш тууралуу сүрөт баян

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстан фронт үчүн стратегиялык базага айланган. Эл ачкадан кезерип кыйналганына карабастан, кан майдандагы аскерлерге 303,6 миң тонна буудай жана 22,3 миң тонна картошка жөнөткөн.
Sputnik
Ала-тоолуктар "Ош облусунун колхозчусу" авиаэскадрильясы, "Советтик Кыргызстан", "Кыргызстан колхозчусу", "Кыргызстан комсомолу", "Элдик мугалим", "Кыргызстан шахтёру" жана "Чолпонбай Түлебердиев" деп аталган танкалык колонналардын курулушуна каражат чогултуп беришкен. Кыргызстандык 36 миң жумушчу Россия жана Казакстандагы завод-фабрикаларда иштеген. Айрымдары оорудан, тамак-аштын жетишсиздигинен бөтөн жерде каза болушкан. Ооруктагы турмуш чагылдырылган сүрөттөр КР Борбордук мамлекеттик киновидеофотофонодокументтер архивинен алынды.
1 / 8

Флоттун жоокери Чоң Чүй каналынын курулушчулары менен маектешүүдө. 1941

2 / 8

Талаада буудай айдоо учуру. Каганович району (азыркы Сокулук району), Чүй облусу, 1941-ж.

3 / 8

Наабайчылар аскердик госпиталь үчүн бышырылган нандын сапатын текшерүүдө. Фрунзе, №3 наабайкана, 1942.

4 / 8

Кыз-келиндер түшүм жыйноодо. 1943

5 / 8

Күздүк буудай себилүүдө. Ворошилов атындагы колхоз, Сузак району, 1941-жыл

6 / 8

Колхозчулар Кызыл Армиянын аскерлерине кышкы жылуу кийим-кече чогултууда. 1943

7 / 8

Фронт үчүн кийим тиккен колхозчу кыз-келиндер. 1943

8 / 8

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин "Кан майданда көркөм чыгармачылык бригадасынын мүчөлөрүн маданий ишмердүүлүк жүргүзгөнү үчүн Ардак грамота жана кымбат баалуу белектер менен сыйлоо тууралуу" жарлыгы

Тема боюнча:
Ажалдуу дзотко секирип, окту токтоткон Чолпонбай Түлөбердиев. Баатыр жөнүндө тасма
Кыргызстандын согуш жылдарындагы жашыруун материалдары жарыяланды