Сержант Анварбек Чортеков
1920-жылы 10-октябрда Түркстан АССРинин Терек-Суу кыштагында (Нарын облусундагы Ат-Башы району) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Алты класстык билим алгандан кийин, тагыраагы, 14 жашынан тарта жардамчы чарбада иштеген, андан кийин Нарындагы облустук жашылча-жемиш тажрыйба станциясында эмгектенген.
Согуш башталгандан кийин агротехникалык иш менен алектенип, Тянь-Шандын катаал климатынын шартында жашылчадан арбын түшүм алууга көп күч, эмгек жумшаган.
1943-жылы апрелде Чортеков Кызыл Армияга чакырылат. Полктук мектептен окуйт да, августтан тарта Воронеж фронтундагы 40-армиянын 337-аткычтар дивизиясынын 1129-полкундагы взводдун командирине жардамчы болот.
Днепрди кечип баратканда жана Букрин плацдармындагы согушта өзгөчө каармандыгын көрсөткөн. 1943-жылдын 24-сентябрында Зарубинцы кыштагынын жанында (Украина ССРи, Черкас облусу) 1129-аткычтар полку кайык менен дарыядан өтөт. Днепрдин оң жээгиндеги плацдармга сержант Чортеков биринчилерден болуп жетет. Григоровка менен Луковицы кыштактарынын жанындагы позициялар үчүн салгылашта жаракат алган взводдун командирин жоктотпой бөлүктү башкарып, рота келгенче дөңсөөнү душманга алдырбай коргоп да, кармап да турган. Тянь-Шандын каарман уулунун жөндөмдүүлүгүнөн улам батальон ыңгайлуу позицияны ээлеген.
2-октябрда жаракат алып, бирок тапшырманы аягына чейин аткармайын майдан талаасынан кеткен эмес.
1944-жылы 10-январда СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун жарлыгы менен немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн Анвар Чортековго Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Кийин I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана бир катар медалдар менен сыйланган.
1945-жылы Ульяновдогу танкалык училищени аяктап, 1947-жылы кичи лейтенант Анвар Чортеков запаска бошотулган.
Туулган жери Кыргызстанга келип, Кара-Сууда жашап, колхоздун гидротехники болуп эмгектенген. 1989-жылы 29-апрелде каза болгон. Өзү туулуп-өскөн Терек-Суу айылындагы орото мектепке ысымы ыйгарылган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.