БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Европа менен Украина Россия менен компромисске барууга жана келишим түзүүгө кызыкдар эмес. Бул тууралуу АКШнын Чикаго университетинин профессору Жон Миршаймер айтканын РИА Новости жазды.
Серепчи АКШ менен Россия келишкен күндө дагы анын шарттарын аткарууга Ураина менен Европаны мажбурлоо керектигин белгилеген.
“Европа да, Украина да Россия менен компромисске барууга жана келишим түзүүгө кызыкдар эмес. Аймактар, куралсыздандыруу жана коопсуздук кепилдиги сыяктуу үч чоң маселе бар. Булар боюнча көз караштар түп-тамырынан айырмаланып, бирдиктүү чечимге келүү татаал”, — деген ал.
Владимир Путин АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф менен жолугушууда Россия тарап Украинанын жетекчилиги менен шарт койбостон сүйлөшүүгө даяр экенин ырастаган.
Ал эми Зеленский 2022-жылы Россиянын жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүүгө тыюу салган. Быйыл мартта да бул позициясын тастыктады.