Англиялык The Sunday Times гезитинин жана BBC радиостанциясынын кабарчысы Александр Верт Сталинград үчүн салгылаштын күбөсү болгон экен. Ал падышалык Россияда туулгандыктан орус тилин жакшы билген. 1964-жылы Александрдын Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу "Россия в войне 1941-1945" аттуу китеби чыккан. Верт анда "Сталинградды коргоодо советтик аскерлердин ичинен кыргыздар, казактар жана башкырлар өзгөчө эрдик көрсөттү" деп жазган.
Гитлерчилерге каршы согушкан ала-тоолуктардын сейрек сүрөттөрү Борбордук кинофотофоно архивинен табылды.
Тема боюнча: