Министрлер кабинетинин төрагасы Абылбек Касымалиев 2025-жылдагы туристтик мезгилди расмий ачык деп жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Өкмөттүн башчысы иш-чаранын конокторун жана катышуучуларын куттуктап, туризмдин дүйнөлүк экономикадагы негизги ролун белгилеген. "Кыргызстан тармакты активдүү өнүктүрүп, туристтерди тартууга жагымдуу шарттарды түзүп жатат. Биз жөн гана туризмди эмес, туруктуулукка, жаратылышты сыйлоого жана маданий көп түрдүүлүккө негизделген туризм философиясын сунуштайбыз", – деген ал.Касымалиев туристтик сезондун ачылышына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышып, кол өнөрчүлөрдүн эл аралык жарманкесин көрүп чыккан. Ал жерде адаттагыдай эле боз үйдү тез тигүү боюнча сынак да болду. Андан соң "Туризм-2030: Борбор Азия бирдиктүү туристтик мейкиндик катары" эл аралык форумунун салтанаттуу ачылышына барды.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы банктардын бири менен биргелешип пластик жана алюминий терезелерди чыгарган компанияны каржылады. Ишкана ай сайын 20 миң чарчы метрге чейин продукция чыгарат. Долбоордун жалпы баасы 5 миллион долларды түздү."Компания "Два прораба" соода борборунун базасында пластик жана алюминий терезелерди чыгарган заманбап өндүрүштү түзө алды. 12 жыл ичинде өндүрүш аянты 200 чарчы метрден 8 миңге чейин кеңейди. 2 миллион доллардан ашык турган жабдуулар орнотулган", — деп белгиледи Россия кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков.
Ош облусунун айыл чарба тармагында үч ай ичинде 7 млрд 552 млн сомдук продукция өндүрүлдү. Бул тууралуу Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын биринчи кварталы боюнча жыйынтыктоочу коллегиялык жыйынында белгилүү болду. Маалыматта белгиленгендей, бул өлкөнүн айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмүнүн 18%ын түзөт.
Владимир Зеленский Киев бийлиги 9-майда Москвадагы парадда чет элдик коноктордун коопсуздугуна кепилдик бере албай турганын билдиргенин РИА Новости жазды. "9-майда Россияга бара турчу же барган бардык мамлекеттерге карата биздин позициябыз эң жөнөкөй. Россиянын аймагында болуп жаткан окуялар үчүн жоопкерчилик ала албайбыз. Силердин коопсуздугуңарды алар камсыздайт", — деген Киев бийлигинин башчысы. Ал Москванын Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоо учурунда ок атышууну токтото туруу сунушун да четке каккан.