БИШКЕК, 2-май — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жетүү үчүн башка өлкөлөргө караганда көбүрөөк салым кошконун айтып, 8-майды Жеңиш күнү деп жарыялады. Бул тууралуу ал Truth Social соцтармагына жазганын РИА Новости кабарлады.
"Союздаштарыбыздын жана досторубуздун көбү 8-майды Жеңиш күнү катары белгилешет. Бирок Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жетүү үчүн башка өлкөлөргө караганда биз абдан көп иштерди жасадык. 8-майды Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнү деп, ал эми 11-ноябрды Биринчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнү деп жарыялайм", — деп жазган ал Truth Social соцтармагына.
Трамп АКШ эки согушта тең жеңгенин айтып, мындан ары бул күндү майрамдоону сунуштаган.
"Эки согушта тең жеңишке жеткенбиз. Эч ким бизге күчү, эрдиги жана аскердик чеберчилиги боюнча жакындай алган жок. Бирок лидердин жогунан бул күндөр майрамдалбай келген. Эми жеңишибизди майрамдоого кайрадан убакыт келди", — деген АКШ президенти.