Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Бура тартып өлүмдөн качпадык... Согуштун ардагери Бакир Чодобаевдин жолу

Sputnik
Сунушталган даректүү тасмада Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Бакир Чодобаевдин борбор калаадагы орто мектептин окуучулары менен болгон жолугушуусу тартылган. 2010-жылы өткөн бул жолугушуудагы эскерүүнү россиялык белгилүү жазуучу Артем Драбкин жазып алып, "Я помню" деп аталган долбооруна колдонгон.
Бакир Чодобаев 1924-жылы Тоң районунун Ак-Терек айылында төрөлгөн. 1937-жылы атасы камалып, дайынсыз жоголгон. Айылдан жети классты бүтүргөн соң Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы педагогикалык техникумда окуп, 1940-жылы окуу жайды бүтүргөндөн кийин айылына кайтып мугалим болуп иштейт.
1942-жылы ноябрда Чодобаев Саратов аймагындагы Пугачев калаасындагы артиллерия училещесине жиберилип, ал жерден замбиректен атканды (наводчик) үйрөнөт. 1943-жылдын башында Чодобаев башка куралдаштары менен Волхов фронтунун 2-сокку уруучу армиянын 194-миномёт полкуна кошулат. 1944-жылы январда Ленинград блокадасын үзүүгө байланышчы катары (связист) катышып, жарадар болот. Бул салгылашта көрсөткөн каармандыгы бааланып Эрдик үчүн медалы менен сыйланат. Аскердик госпиталдан айыгып чыккан соң Великий Новгород шаарын фашисттик баскынчылардан бошотууга катышат. Андан соң Нарва калаасын бошотуудагы салгылашта экинчи ирет жарадар болуп, аскердик госпиталга жаткырылат. Бу жолкусунда да Эрдик үчүн медалы ыйгарылат. 1945-жылы мартта госпиталдан кан майданга жараксыз болуп чыгат. Ардагер Кыргызстанга кайтып, бир аз убакыт айылындагы орто мектептин директору болуп иштейт. Андан соң Москвадагы Геологиялык-чалгындоо институна тапшырып, республиканын геология багытын өнүктүрүүгө чоң салым кошот.
Чодобаевдин жетекчилиги менен Жер-Үй, Макмал, Талды-Булак алтын кендери табылган. Андан тышкары, Кара-Кече көмүр кени жана Көл кылаасында ден соолукту чыңдоочу булактар картага түшүрүлгөн.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген геологу, илим жана техника тармагында КР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Эмгек Кызыл Туу, Даңк, II даражадагы Манас ордени менен сыйланган.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Бакир Чодобаев 2017-жылы 2-майда каза болгон.
Тема боюнча:
Ленинград Ала-Тоого ыраазы болуп... Күлүйпа Кондучалованын согушту эскерүүсү