БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматкерлери түнкүсүн бишкектиктерге уйку бербей тынчын алган мотоцикл менен мопеддерге рейд жүргүзүп, жапырт айып короого токтотуп жатканын кабарлады.
“Текшерүү учурунда мопеддерине кошумча жабдык орнотуп алып, үнүн катуулатып айдагандардын көбү тиешелүү документи жок өспүрүмдөр экени аныкталды”, — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, былтыр октябрда түнкү эс алуу, тыныгуунун мезгилин аныктаган мыйзам кабыл алынган. Анда турак үйлөрдө, эс алуу зоналарында, коомдук жайларда иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө, дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин катуу, ашыкча добуштарды чыгарбоо керектиги белгиленген.Тагыраагы, музыка жана башка ызы-чуунун үнү атайын белгиленген деңгээлден ашпашы керек.