Бишкекте онлайн-казино уюштурган делип чет элдиктер кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Бишкекте чет элдиктер уюштурган онлайн-казинонун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери башка мамлекеттин жарандары Бишкектеги үйлөрдүн биринде алдамчылык менен алектенип жатканын аныкташкан.
1 / 3

Бишкекте чет элдиктер уюштурган онлайн-казинонун ишине бөгөт коюлду

2 / 3

Кумар оюндары ижара алынган үйдө уюштурулган

3 / 3

Тинтүү учурунда алар жашаган жерден системалык блоктор, спутник антенналары, роутерлер алынган. Ошондой эле 23 мобилдик аппарат, ноутбук жана планшеттер табылган

"Ижарага алынган үйдө жашап, "Покер" онлайн-казиносун уюштурган чет өлкөнүн жарандары кармалды. Тинтүү учурунда алар жашаган жерден системалык блоктор, спутник антенналары, роутерлер алынган. Ошондой эле 23 мобилдик аппарат, ноутбук жана планшеттер табылган", — деп жазылат кабарда.

Учурда Кыргызстандын жарандарына келтирилген материалдык зыяндын көлөмү аныкталып жатканы кошумчаланды.
Депутат интернет-алдамчыларга көмөк кылгандарды жоопко тартууну сунуштады