Украина 2014-жылга чейинки чек арасына кайта албайт. АКШ мамкатчысынын сөзү

Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Украина 2014-жылдарга чейинки чек арасына кайтып келе албайт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Fox News телеканалына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Украина Россияны 2014-жылкы ордуна кайра жылдыра албайт", — деген ал.
Мамлекеттик департаменттин башчысынын айтымында, АКШ украин чатагын жөнгө салуу аракетинен баш тартпайт. Ошол эле учурда ал жаңжалды жөнгө салуу маселеси боюнча Москва менен Киевдин позициялары дагы эле жакындаша электигин белгилеген.
Рубио АКШ бул маселеге дагы канча убакыт коротору боюнча чечимди АКШ президенти Дональд Трамп кабыл аларын кошумчалаган.
Буга чейин Мамдепартаменттин атайын өкүлү Тэмми Брюс Украинадагы чатакты жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүдө жетишерлик жылыш болбосо АКШ андан чыгарын айткан болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Россиянын украиналык аймактар боюнча талабына макул болорун четке какпайт