Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украин аскерлери Херсондогу базарга чабуул жасап, адамдар көз жумду

Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрү Херсон облусунун Алешки шаарындагы базарга чабуул жасады. Бул тууралуу губернатор Владимир Сальдо билдиргенин РИА Новости жазды.

"Саат 9:30дар чамасында Алешки шаарынын борбордук базарында украиналык аскерлер FPV-дрондору менен жергиликтүү жашоочуларга арты-артынан сокку урушту. Базарга көп киши келген", — деген ал.

Губернатордун айтымында, кеминде жети адам каза таап, 20дан ашык киши жаракат алган. Жеринде ыкчам кызматтар иштеп жатканы кошумчаланды.
Агенттик Алешкидеги соккудан кийин Украинанын Куралдуу күчтөрү тирүү калгандарды жок кылуу үчүн учкучсуз аппараттарды жөнөткөнүн маалымдады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын аскерлери Курск облусун бошотту