БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев РФ президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Жолугушууда маданият тармагындагы эки тараптуу кыргыз-орус мамилесин өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланган. Тараптар ошондой эле биргелешкен маданий долбоорлорду жана алдыда боло турган иш-чараларды талкуулашты.
Бөкөнтаев эки өлкөнүн маданият, билим берүү жана илим тармактарында активдүү кызматташуусун белгиледи. Ал мындан ары да мамилелердин маданий-гуманитардык аспектилерин өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирген.
Швыдкой өз кезегинде өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды өнүктүрүү маанилүү экенин белгилеп, Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө, өлкөдөгү оң өзгөрүүлөргө жогору баасын берген.
РФ президентинин өкүлү маданий долбоорлорду талкуулап жатып кыргыз элинин чыгаан уулу, белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына биргеликте даярдык көрүү боюнча зарыл иштерди аткарууну сунуштады.