Акыркы 4-5 жылда Бишкекте ыш маселеси чоң көйгөйгө айланып калды. Бул маселе Жогорку Кеңеште да бир нече ирет көтөрүлдү. Буга ылайык, үйлөргө, ишканалардын морлоруна фильтр коюу, эски унаалардын киришине чектөө киргизүү жаатында бир катар сунуштар айтылууда.
Ушундан улам “Ачык кеп” программасынын алкагында ыш менен күрөшүүнүн алкагында кандай иштер аткарылгандыгы жана аткарылып жаткандыгы, пландар, деги эле шаардын абасын жакшыртуу жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу маектештик. Мейманыбыз Нурсултан Ташыбек уулу бир катар суроолорго жооп берди.