БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28, Талас, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +19...+24 градус ысык болот.
Күндүн табы Бишкекте +24...+26, Ош шаарында +24...+28 градуска чейин көтөрүлөт.