ИИМ: Бишкекте 18,9 млн. сомдук баңгизатты сатууга аракет кылган киши кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкекте ири өлчөмдө баңгизат сатууга шектелген киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 22-апрелде милицияга жаран ири өлчөмдө баңгизат сатып жүргөнү боюнча маалымат түшкөн. Иш козголуп, 27 жаштагы А.И. аттуу шектүү кармалган.
1 / 3

Бишкекте ири өлчөмдө баңгизат сатууга шектелген киши кармалды

2 / 3

Маалыматка ылайык, 22-апрелде милицияга жаран ири өлчөмдө баңгизат сатып жүргөнү боюнча маалымат түшкөн

3 / 3

Иш козголуп, 27 жаштагы А.И. аттуу шектүү кармалган

"Тинтүү учурунда пакеттерге оролгон 160 даана баңгизат таңгагы табылган. Жалпы салмагы 6,7 килограмм болуп, 18,9 миллион сомго бааланган. Шектүү көрсөтмөсүндө баңгизаттарды Telegram аркылуу алып, жашыруун жерлерге катып, ал үчүн акча алып турганын айткан", — деди УКМК.
Колго түшкөн киши камакка алынып, тергөө уланууда.
Бишкектин четинде милицияга каршылык көрсөткөндөр. Видео