Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Андрей Титов — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры

Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп баатыр наамы ыйгарылган, кыргызстандык каарман жоокерлер жөнүндө баяндоосун улантат.
Sputnik
Гвардиянын ефрейторору Андрей Титов
1905-жылы 24-июнда Түркстан аймагынын Покровка кыштагында (азыр Кызыл-Суу айылы, Жети-Өгүз району, Кыргызстан) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Баштапкы билим алгандан кийин колхоздо иштеген.
1942-жылдын октябрынан тарта Улуу Ата Мекендик согуштун бир нече фронтторунда фашисттерге каршы күрөшкөн. Борбордук фронтто 61-армиянын 7-кавалериялык корпусунда согушат. Атактуу 16-гвардиялык Чернигов кавалериялык дивизиясынын (ал Уфада 112-Башкырт кавалериялык дивизиясы катары түптөлгөн) 60-полкундагы 4-эскадрондо танкага каршы куралды бутага багыттап кызмат өтөгөн.
Сталинград фронтунда айыгышкан кармашка кирип, ал жерде үч ай салгылашкан. Андан кийин Орлов-Курск багытында согушат.
Днепрден кечкенде каармандыгын көрсөткөн. 1943-жылы 28-сентябрда Титов алгачкылардан болуп Беларустун Гомель облусундагы Брагинск районунун жанынан сүзүп өтүшөт. Вялье кыштагы үчүн кармашта душмандын пулемот менен ок жаадырган үч жерин жок кылат. Бир күндөн кийин Галки кыштагында фашисттер чабуул койгондо пайдаланган куралын талкалайт.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун 1944-жылдын 15-январындагы жарлыгы менен "немецтик-фашисттик баскынчылар менен кармашта командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы жана эрдиги, каармандыгы үчүн" Андрей Титовго Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Кийин ар кыл жылдары Кызыл жылдыз, I жана II даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана бир канча медалдар менен сыйланган.
1945-жылы Титов Кыргызстанга кайтып, киндик каны тамган колхоздо башкарма болуп иштейт. 1981-жылы 8-ноябрда каза болуп, Покровка айылына коюлат.
Баатырдын элесине арналып өзүнүн айылына мемориалдык такта орнотушкан. Ошондой эле Титовдун ысымы 112-Башкырт кавалериялык дивизиясынын Советтер Союзунун 78 Баатырынын аттары жазылган эскерүү такталарында чегилген. Бул такталар Башкыртсандын Улуттук музейинде жана ошол дивизиянын музейинде орнотулган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Кыргызстан Казакстандан "Жеңиш эстафетасы" символун кабыл алды. Видео