УКМК: ичимдикти көзөмөлдөгөн агенттиктин директору менен ишкер кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Этил спиртин, алкоголдук продукцияны көзөмөлдөө агенттигинин директору Алмаз Токтогулов менен ал калкалаган ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аткаминер менен бизнесмен жең ичинен сүйлөшүп алып, мыйзам бузууга барган деп айыпталууда.
"Нур&Ай Компани" 2023-жылы медициналык, ветеринардык жана техникалык максатта колдонуу үчүн "Кара-Балта спирт заводунан" акциз төлөбөй спирт алуу укугуна ээ болот. Андан соң мамлекеттик агенттиктин директоруна акча берип, спиртти айтылган максатта колдонбой Бишкек менен Чүйдөгү жеке жактарга сатып турган", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат мунун айынан мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин жана коррупциялык схемага тиешеси барлар аныкталып жатканын кошумчалады. Ал эми шектүүлөр камакка алынган.
Бишкек: башында казакстандыктар турган колл-борбордун кызматкерлери кармалды