Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Зеленский менен жолукканда эмнелерди сүйлөшкөнүн айтты

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Ватиканда Владимир Зеленский менен жолукканын, анын Вашингтондогу мурдагы кездешкен учурга караганда бир топ "токтоо болуп" калганын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Жолугушуу жакшы өттү деп ойлойм... Мындан ары эмне болорун көрө жатарбыз... Анын (Зеленский — ред.) токтоо болуп калганын байкадым. Кыраалды өзү деле түшүнүп турат деп ойлойм", — деген президент журналисттер менен сүйлөшүп жатып.
Киев режиминин башчысы Ак үйдүн кожоюну менен Италияда кездешкенде арбыныраак сандагы курал-жарак сурагандыгын кошумчалаган.
"Ал (Зеленский - ред.) көбүрөөк курал-жарак керек дейт. Муну үч жылдан бери эле айтып келе жатат... Россия тараптан эмне болорун көрөйүн деп жатам", — деген ал.
Трамп Зеленский Крымды кайтарып бергиле деген талабынан баш тартууга даярдыгын, бул теманы кыскача сүйлөшкөнүн айтты. Журналисттер АКШ лидерине "Зеленский жарым аралдан баш тартууга даяр бекен?" деген суроо беришкен.
"Ооба, ошондой деп ойлойм. Крымдыкы мындан 12 жыл мурда болгон. Ошол кезде Обама (Барак – ред.) президент эле. Аны оңой эле берип коюшкан. Ошондуктан мага Крым боюнча айтпагыла. Обамадан сурап алгыла", — деген Америка лидери.
Өткөн ишембиде Зеленский менен Трамп Рим папасы Францискти акыркы сапарга узатуу зыйнатына барганда "өтө кыска" сүйлөшкөн. Киев режиминин башчысы Ак үйдүн жетекчиси менен жолукканда "көп нерсени талкуулагандыгын" белгилеп, ага ыраазылыгын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Трамптын чыдамы түгөнүп барат". Зеленский Ак үйдүн кыжырына тие баштады