БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстандын президентин шайлоо эми мамлекет башчынын ыйгарым укуктары аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өтөт. Тиешелүү конституциялык мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Мыйзамдын максаты — “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемин “КР Конституциясы жөнүндө” мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келтирүү жана КР президентинин кезектеги шайлоосунун мөөнөттөрүн тактоо.
Шайлоо президенттин ыйгарым укуктары аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт. Добуш берүү күнү Жогорку Кеңеш тарабынан 4 ай мурун дайындалат.
Буга чейин конституциялык мыйзам боюнча добуш берүү октябрдын үчүнчү жекшембисине туура келчү.