БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Исламабад Индия менен өзөктүк согушка барышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу Пакистандын коргоо министри Хаваджа Асиф РИА Новостидеги маегинде билдирген.
Ал буга чейин дүйнө эки өзөктүк держава болгон Индия менен Пакистандын ортосундагы тирештин күчөп кетишинен кооптонуусу керектигин, ал толук масштабдуу согушка айланып кетиши мүмкүн экенин билдирген.
"Индия менен Пакистан экөө тең өзөктүк держава, бирок иш мынчалык тереңдеп кетет деп ойлобойм", — деген Хаваджа Асиф.
22-апрелде Жамму жана Кашмир аймагында теракт болуп, 26 адамдын өмүрү кыйылган. Бул окуядан кийин Индия менен Пакистандын алакасы курчуган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Лашкар-е-Тайба" (РФте тыюу салынган) террордук уюму менен байланышы бар "Каршылык көрсөтүү фронту" тобу алган.
Буга жооп иретинде Индия элчиликтин кызматкерлеринин санын кыскартууну, Инд дарыясын пайдалануу боюнча келишимди токтотууну, эки өлкө ортосундагы кургактагы чек арасын жабууну чечти. Ошондой эле өткөрмө пункт аркылуу кирген пакистандыктардан 1-майга чейин өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылды.
Пакистан Нью-Дели Исламабаддын терактыга тиешеси бар экендиги тууралуу бир дагы далил келтирбегенин билдирген. Өлкө "ар тараптуу жооп берүүгө" даяр экенин жана Индиянын Инд дарыясынан суунун агымын буруу аракетин согуш актысы катары кабыл алынып каларын айткан.