Подполковник Иван Немцев
Ал 1923-жылы 24-майда Быстровка (азыркы Кемин шаары) айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Балдар үйүндө тарбияланат. 10-классты аяктаган соң кен чыккан жерде иштейт.
1942-жылдын мартынан тарта Кызыл Армияда кызмат өтөй баштайт да, майда согушка кирет. Степной согушунда 53-армиянын 116-аткычтар дивизиясынын 548-полкундагы пулеметтук бөлүктү жетектейт. Белгороддун алдында 1943-жылы 3-4-августтагы салгылашта каармандыгын өзгөчө көрсөткөн. Пулеметтон ок жаадырган Немцев душман аткылап жаткан жерлердин жетөөсүнүн "жаагын жап кылган". Мындай каармандыгы менен аткычтар бөлүктөрүнүн алдыга жылышына жол ачып берген.
СССРдин Жогорку Кеңешинин президиумунун 1943-жылдын 1-ноябрындагы чечими менен душманга чабуул койгондогу каармандыгы жана эрдиги, командачылыктын тапшырмасын үлгүлүү аткаргандыгы үчүн Иван Немцевге Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы берилген. Кийинчерээк ар кыл жылдары I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана башка медалдар менен сыйланган.
Согуштан кийин армияда кызмат кылуусун уланткан. 1945-жылы Ригадагы аскердик-саясий училищени, 1961-жылы "Выстрел" курсун аяктаган. 1968-жылы подполковник Немцев запаска бошотулган.
Фрунзе шаарында жашап, 1969–1970-жылдары Кыргыз ССРинин ИИМиндеги жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөгөн бөлүмдү жетектеген. 1997-жылы 13-декабрда каза болуп, Бишкектеги Түштүк-Батыш көрүстөнүнө коюлган. Бүгүнкү күндө анын киндик каны тамган айылындагы көчөлөрдүн бири Иван Немцев деп аталат.