Зардалынын жолу курула баштады. Жеринен тартылган видео

Sputnik
БИШКЕК, 27-апр.— Sputnik. Транспорт министри Абсаттар Сыргабаев Сары-Талаа — Кызыл-Таш — Зардалы жолунун курулуш иштеринен кабар алды.
Аталган жолдун жалпы узундугу 17,5 чакырымды түзөт.
“Министр курулуш аймагында жумушчулардын коопсуздугу биринчи орунда болушу керектигин белгилеп, жаралган тоскоолдуктарды тез арада чечүүнү тапшырды”, — деп билдирди мекеме.
Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактагы айылы.
Былтыр президент Садыр Жапаров аталган айылга барып, калктуу конушка бара турган жолдун курулушу башталарын айткан.
Садыр Жапаров: быйыл Кыргызстанда 18 ГЭСти ишке берүү пландалууда