Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский тынчтык тууралуу сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Владимир Зеленский ок атышуу токтотулгандан кийин Украина тынчтык тууралуу диалогго даяр экенин айтканын РИА Новости жазды.

"Биз бардык форматта, ким менен болсо дагы, качан болсо да даярбыз. Бирок Россиянын согушту бүтүрүүгө даяр экендигинин чыныгы бир белгиси болушу керек. Ошондой белги – ок атышууну толук жана шарт койбой туруп токтотуу", — деген Зеленский маалымат жыйында.

Ал шейшембиде эле ок атышууну толук токтотуудан кийин Киев Россия менен бардык сүйлөшүүлөргө даяр экенин айткан. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украина дагы деле Россия менен байланыш түзүүгө салынган тыюуну алуу үчүн эч кандай кадам жасабагандыгын белгилеген.
Россия лидери Владимир Путин тарабынан жарыяланган 19-апрель саат 18:00дөн 21-апрель саат 00:00гө чейинки пасхалык элдешүүнү Киев бир нече ирет бузганын эске салган. Россиянын Коргонуу министрлиги элдешүү убактысында Украина тараптан эрежелер 4,9 миң ирет бузулганын маалымдаган.
Путин 18-мартта АКШ президенти менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Кремль анда АКШ президенти Украинадагы жаңжалда тараптар энергетикалык инфраструктурага 30 күнгө сокку уруудан баш тартышса деген сунушун киргизип, Путин ал демилгени колдогонун билдирген. Кийин Зеленский дагы Украина энергетикалык инфраструктурага сокку урууну токтотуу сунушун кубаттаарын айткан. Бирок эртеси Киев режими Кубандагы мунай базасына учкучсуз аппараттар менен чабуул жасаганын РФ Коргоо министрлиги маалымдаган.
Министрликтин апрелдин башындагы маалыматы боюнча, Зеленский Киев режими макулдашууларды сактай турганын айткандан кийин Украинанын аскерлери бир суткага дагы Россиянын энергетикалык объектилерине чабуулду токтоткон эмес. РИА Новости Украинанын Куралдуу күчтөрү 18-марттан 14-апрелге чейин энергетикалык объектилерге сокку урууну токтотуу чечимин 101 жолу бузганын эсептеп чыккан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Трамптын чыдамы түгөнүп барат". Зеленский Ак үйдүн кыжырына тие баштады