Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Григорий Конкин — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры

Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган кыргызстандык каарман жоокерлер боюнча баяндоосун улантат.
Sputnik
Катардагы жоокер Григорий Конкин
Ал 1911-жылы Жети-Өгүздүн Покровка айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Мектептен баштапкы класстын билим алат да, андан кийин Чапаев атындагы колхоздо иштейт.
1941-жылдан тарта Кызыл Армияда кызмат өтөйт. Батыш фронтуна жиберилип, 16-армиянын 316-аткычтар дивизиясынын 1075-полкунун 2-батальонунун 4-ротасында жүрүп немецтерге каршы согушат.
1941-жылы 16-ноябрда Москва үчүн болгон Дубосеково разъездиндеги кармашта катардагы жоокер Григорий Конкин легендалуу 28 панфиловчу баатырдын бири болгон. Душмандын 50 танкасын алдыга жылдырбай кармаган айыгышкан согушта кайратын, жалын жүрөктүүлүгүн көрсөткөн. Советтик солдаттар 18 танканы жок кылып, баатырдык менен курман болот.
Алгач жүрөгүндө жалы бар бул жоокердин сөөгү Дубосеково разъездиндеги курман болгондордун Боордоштор мүрзөсүнө коюшкан да, кийин Волоколамск районундагы Нелидово кыштагындагы Боордоштор жайына жашырышкан.
1942-жылы 21-июлда СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен немецтик баскынчыларга каршы күрөштө согуштук тапшырманы үлгүлүү аткарганы, көрсөткөн баатырдыгы, эрдиги үчүн Григорий Конкинге курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген.
Жоокердин мүрзөсүнө мемориал коюлган, ал эми Жети-Өгүздөгү айылга, ал жердеги мектепке жана Каракол шаарындагы көчөлөрдүн бирине Григорий Конкиндин ысымы ыйгарылган. Мындан сырткары, Покровкага Конкиндин бюсту, Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия проспектине (Баатыр кыргызстандыктардын аллеясы) бюсту жана мемориалдык такта орнотулган.
Маалымат үчүн. Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов жетектеген 316-аткычтар дивизиясынын баатырдыгы дүйнөнү дүңгүрөткөн. Ал 1941-жылы июлда Алматыда (Казакстан) түзүлүп, курамына негизинен Кыргыз ССРи жана Казак ССРинен чакырылган жоокерлер кирген. Бул дивизия Москваны коргоо операциясында өзгөчө эрдик көрсөткөн. 1941-жылдын ноябрында, Москва үчүн чечүүчү салгылашуулар жүрүп жатканда, Панфилов дивизиясы Волоколамск багытында душмандын негизги күчтөрүн кармап турган. Дубосеково разъездиндеги кармашта дивизиянын 1075-аткычтар полкунун 4-ротасы өлүмгө тике туруп, немецтердин танкаларын токтоткон. Бул окуя советтик тарыхта "панфиловчу 28 баатыр " катары белгилүү. Алардын ичинде казак, кыргыз, орус жана башка улуттардын өкүлдөрү болгон.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Калыйнур Үсөнбеков — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры