Ирак, Сириядан кайтарылган 544 кыргызстандыкты реабилитациялоо иштерин айтып беришти

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. 2021-жылдан бери Ирак менен Сириядан баш-аягы 544 кыргызстандык кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Ведомство башчысы Равшанбек Сабиров Глобалдык фонддун өкүлү Ирина Ульмасова-Олив менен жолугуп, кайтарылгандарды реинтеграциялоо жана реабилитациялоо боюнча маселе талкууланган.
"2021-жылдын мартында "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан жашы жете электер мекенине кайтарылды. Ошондой эле 2022-жылы Сириядагы лагерлерде жүргөн жарандарыбызды кайтарып ала баштаганбыз. Жалпысынан Сириядан алып келүү иштери алты этапта жасалып, эң соңкусу 2024-жылдын жайында ишке ашырылган. Жүргүзүлгөн медициналык, реабилитациялык, теологиялык жана педагогикалык иш-чаралардан кийин туугандарына берилди", — деген Сабиров.
Министрлик жалпы кайтарылгандардын саны 544 болсо, алардын 396сы жашы жете электер экенин белгиледи. Ошондой эле аларды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча өлкөнүн беш жылдык программасы бекитилгени кошумчаланды.
"Репатрианттар менен комплекстүү иш жүргүзүлүүдө. Алардын үй-бүлөсү кайткандарды туура кабыл алууга, колдоо көрсөтүүгө даярдалышкан. Социалдык кызматтар, мекемелер жана коомчулук менен биргеликте кайтып келгендерге жагымдуу шарттарды түзүү эске алынды", — деп айтылат маалыматта.
Сириядан 99 кыргызстандык алып келинди