Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майрамдык иш-чара уюштуруп, вальс бийлешти.
Жаштар Игорь Лученоктун "Майский вальс" композициясына чимирилип, башкаларга жакшы маанай тартуулашты. Алар "Вальс Победы 80 – КГТУ" менен эл аралык акцияга катышып, согуштун, эмгектин ардагерлерине ошол оор жылдагы каармандыгы, Жеңишти алып келгендиги үчүн ыраазылык билдиришти.