© Sputnik_Infographics
"Чын-чынына келгенде Американын Украинадан кандайдыр бир ири суммадагы акча ала алышы күмөндүү нерсе", — деген Улуттук энергетикалык коопсуздук фонду жана Финансы университетинин жетектөөчү эксперти Станислав Митрахович Sputnik Ближнее зарубежьеге берген интервьюсунда.
Украина — жардам алып турган, экономикасы көп жеринде кыйраган, эли кетип жаткан өлкө. Бирок андан бир нерсе сыгып алса болот.
Газ транспорттоо системасына (ГТС) ээлик кылуу — АКШнын ойлоп турган варианттарынын бири. Бирок Россия үчүн бул оңтойлуу, себеби газды берүү жаңыланат, андан акча табууга мүмкүнчүлүк бар.
"Көрдүңөрбү, Россия бизге жаккан кандай жакшы кадамдарга барып жатат" деген Трамп үчүн кырдаал ийгилик жараткандай көрүнөт. Америкалык коомчулукка "Украинадан акча таап жатабыз" деп жар салса да болот.
Ал эми Украинанын өзүнө келсек, ички керектөөчүлөргө транзиттин болушу пайдалуу, себеби газды бөлүштүрүүчү система газды транспорттоо менен байланыштуу. Бирок транзит үчүн акы албай калышат.
"Ошондуктан мурдагы учурларга караганда азыр Россия үчүн түтүк боюнча кандайдыр бир америкалык шериктештин турушу жалпы бир келишимдин алкагында пайдалуу болушу мүмкүн экенин четке какпайм", — деген эксперт.