Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата “Кыргызсериал” кандай долбоорлорду ишке ашырууда?

Sputnik
Бүгүн биз “Стоп кадр” уктуруусунда "Кыргызсериал" чыгармачылык өндүрүштүк бирикмеси мамлекеттик мекемесинин жалпы ишмердүүлүгү жана Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата аталган мекеме кандай долбоорлорду ишке ашырып жатканын айтып беребиз.
Эфирде "Кыргызсериал" чыгармачылык өндүрүштүк бирикмеси мамлекеттик мекемесинин директору Жеңишгүл Өзбекова учурда 7 долбоордун үстүндө иш алып барып жатканын жана мындан ары тарыхый сериалдарга басым жасала турганын билдирди.
Ошондой тасмалардын бири болгон “Зенитчи Тамара” көркөм сериалы тууралуу бул эфирден кененирээк тындай аласыз.