БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. 8-майда өтө турган Бишкектеги парадда С-300 зениттик-ракеталык комплекстери көрсөтүлөт. Маалыматты Коргоо министрлигинен тастыкташты.
Парадга даярдык Токмокто өтүп жатат. Видеодон С-300 зениттик-ракеталык комплексин жана С-125-2БМ "Алебарда" ракетасын көрүүгө болот.
С-300 — орто аралыктагы зениттик-ракеталык комплекс, ал абадан коргонуудагы эң күчтүү системалардын катарына кирет.
Эске салсак, былтыр Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Руслан Мукамбетов аталган комплекстер Россиядан келерин кабарлаган.