БИШКЕК, 23-апр. —Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Владимир Зеленскийдин Крымды Россиянын бир бөлүгү катары таануудан баш тартканы үчүн Лондондо Украина боюнча өтө турган сүйлөшүүлөргө барбай калды. Бул туурасында РИА Новости New York Times басылмасына таянып кабарлады.
"АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Киев бийлиги президент Трамптын маанилүү сунуштарынын бирине макул болбогондуктан Украинадагы согуш отун токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги этабына катышпоону чечти", — деп айтылган маалыматта.
Бул иштен кабардар европалык аткаминердин айтымында, сүйлөшкөн делегациянын курамында болгон кишилер АКШ президенти Дональд Трамптын Крымды таануу жана Киевдин НАТОго мүчө болушун четке каккан чечимин билишкен. Ошентсе да шейшемби күнү Зеленский жарым аралдын Россияга караганын Киев тааныбай турганы боюнча билдирүү жасаган.
Кечээ Washington Post Лондондо боло турган бүгүнкү жолугушууда Европа өлкөлөрү менен Украинага Крымды орустардыкы деп таанууну сунуштаарын, ал эми Украинанын союздаштары анын ордуна коопсуздук кепилдигин алууга ниеттенип тургандыктарын жазган.
Маалымат берген кишилер украин тарап өткөн жумадагы Париждеги жолугушууда Американын сунушун Вашингтон тынчтык процессинен чыгуу чечимин кабыл алгыча берилген акыркы мүмкүнчүлүк катары кабыл алганын айтып берген.
Бүгүн АКШ Украинадагы согушту токтотуу боюнча жети пунктудан турган, Киевдин коопсуздук кепилдиги каралбаган план даярдап жатканы айтылды.
Басылманын маалыматына таянсак, бул демилге Россиянын бошотулган аймактарга көзөмөлүн улантуусун шарттайт.