Радио

Кыргызстандагы банктарда элдин 605 млрд. сомдон ашык депозити бар

Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Букуев мекеменин фонду 7,6 миллиард сомдон ашканын айтты.
Sputnik
Кыргызстандагы банктарда жарандардын 605 миллиард сомдон ашык депозити топтолду. Бул былтыркыга салыштырмалуу 38 пайызга көп экендигин Кадырбек Букуев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, банктарга салынган депозиттердин көлөмү жыл сайын 30-40 пайызга көбөйүп жатат.
"Кыргызстандагы банктарда жарандардын 605 миллиард сомдон ашык депозити топтолду. Бул былтыркыга салыштырмалуу 38 пайызга көп. Анын көлөмү жыл сайын 30-40 пайызга өсүп жатат. Ал эми Депозиттерди коргоо агенттигинин фонду 7,6 миллиард сомдон ашты. Мындай көрсөткүч экономиканын өскөнүнөн жана банк секторунун туруктуулугунан кабар берет. Бирок финансылык сабаттуулукту жакшыртууга дагы көңүл буруп, акчаны туура колдонууга, инвестициялоого басым жасоо керек", — деди Букуев.
Ошондой эле ал Кыргызстандагы банктар киберкоопсуздукка өзгөчө көңүл буруп жатканын кошумчалады.