Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Киев аймагынын 20%ынан баш тартууга даяр

Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Киев аймагында жүрүп жаткан согушту жөнгө салуу иштеринин алкагында жеринин 20 пайызынан баш тартууга даяр. Бул азырынча "де-юре" эмес, "де-факто" деп эсептелерин New York Post басылмасына таянып РИА Новости жазды.
Мындай маалыматты журналистке Америка президентинин администрациясындагы аткаминер айтып берген.
"Чиновник Украина, кыязы, "аймагынын 20 пайызынан баш тартууга даяр" экенин айтып, азырынча аймакты таануу "де-юре" эмес, "де-факто" деп эсептелип турмакчы", — деп жазган басылма.
Аткаминер өткөн аптада Киев өкүлдөрү америкалык делегация менен сүйлөшүү учурунда РФтин курамына референдумдун жыйынтыгынан улам кирген жаңы региондорду эске алып, келишимдин "аймактар" боюнча бөлүгүнө өзгөчө түйшөлүшкөндүгүн билдирген.
Буга чейин АКШ президентинин чабарманы Стив Уиткофф РФ лидери Владимир Путин менен жолугуп, Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшкөндө "аймак маселеси" да талкуулангандыгын айткан. Ал бул маселе баары болбосо да бир бөлүгү чечилиши мүмкүндүгүн айткан.
Блумберг бул тема боюнча кабары бар кишилерге таянып, АКШ Украина боюнча келишимдин алкагында Крымды россиялык жер деп таанууга даярдыгын жазган. Муну менен катар эле Вашингтон бул боюнча соңку чечимди кабыл ала электиги айтылды.
Эскерте кетсек, Путин Уиткоффту 11-апрелде кабыл алып, экөө 4,5 саатка чукул сүйлөшкөн. РФ лидеринин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, көбүнесе Украинадагы кырдаал талкууланган, деген менен башка саясий жана экономикалык маселелер да ортого салынган.
Уиткофф тирешүүнү токтотууга көрүлгөн аракеттердин аркасында "тараптар тынчтык үчүн мааниси чоң бир нерсеге кадам жасоочу чекке жеткенин" белгилеген. Ал процесс "беш аймактын" алкагынан чыгып, кеп коопсуздук кепилдиги жана Украинаны НАТОго кабыл алуу пландарынан баш тартуу тууралуу жүргөнүн айткан.
Эскерте кетсек, Крым 2014-жылы Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өткөн референдумдун жыйынтыгы менен Россиянын курамына кирген. Анда Крымдагы шайлоочулардын 96,77 пайызы, Севастополдун 95,6 пайызы Россияга кошулуу ниетин билдирген эле. Ал эми Украина Крымды убактылуу оккупацияланган аймак деп эсептеп келет, Киевди бул маселе боюнча Батыш мамлекеттери колдойт. Россия жетекчилиги добуш берүү демократиялык жол менен эл аралык укук нормаларына жана БУУнун Уставына ылайык өткөнүн бир нече ирет эскерткен. РФ лидери Владимир Путиндин айтымында, Крым маселеси "толугу менен жабылган".
2022-жылдын октябрында референдумдун жыйынтыгы менен Донецк, Луганск республикалары, ошондой эле Херсон жана Запорожье облустары Россиянын курамына кирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: АКШ Крымды Россиянын аймагы деп таанууга даяр